Аялдар абагына сегиз телефон ыргыткан жаран кармалды — видео

Аялдар абагына сегиз телефон ыргыткан жаран кармалды — видео

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Степной айлында жайгашкан №2 мекемесинин аймагына 6-мартта саат 01:30 чамасында тыюу салынган буюмдарды ыргытуу аракетин ыкчам бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан алдын алынды. Бул тууралуу ЖАМКтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жүргүзүлгөн профилактикалык ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында аталган мекеменин сырткы аймагында 1987-жылы туулган С.М.А. аттуу жаран негизги дубал аркылуу мекеменин ички аймагына ыргытуу жолу менен тыю салынган бумдардыкиргизүүгө аракет кылып жаткан учурда кармалган.

Кармалган жаранды тинтүүдө анын жанындагы сумкасынын ичинен 8 даана уюлдук телефон жана 1 даана SIM-карта алынган.

Бул факты Аламүдүн РИИБдин тергөө ыкчам тобуна өткөрүлүп берилди. Кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: абак ЖАМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>