Коомдук жайда электрондук чылым чеккендерге айып салуу сунушталды

Коомдук жайда электрондук чылым чеккендерге айып салуу сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов коомдук жайларда электрондук тамеки чегүүгө жана никотиндин электрондук жеткирүү системасына, ошондой эле кадимки тамеки чегүүгө айып пул салууну сунуштады. Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Демилгечи депутат кадимки жана электрондук тамекилерди белгиленбеген жерлерде чеккендер үчүн 1000 сом айып салууну сунуштоодо. Мындан тышкары, депутат электрониканын зыяндуулугу тууралуу визуалдык маалыматка карата талаптарды бузган жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып пул салуу керек деп эсептейт.

Мыйзам долбоору аркылуу төмөнкү жазаларды киргизүүнү сунушталууда:

— электрондук тамекилерди медициналык эскертүүсүз сатуу;

— жеке жактарга 5,5 миң сом жана юридикалык жактарга 17 миң сом;

— зыяндуу заттардын жол берилген өлчөмүнөн ашып кетүү боюнча мыйзамдардын талаптарын бузуу менен электрондук тамекилерди сатуу — жеке жактарга 7,5 миң сом жана юридикалык жактарга 23 миң сом;

— балдарга электрондук тамеки сатуу – жеке жактарга 5,5 миң сом жана юридикалык жактарга 17 миң сом.

Учурдагы мыйзамдарга ылайык, бул айыптар тамекилерге гана тиешелүү.

Маалымкат негиздемеде айтылгандай,  вейпинг — бул электрондук сигарета же ушуга окшош типтеги шаймандар тарабынан бөлүнүп чыккан аэрозолду дем алуу жана буулантуу процессинин аталышы. Вейпинг, чоңдор жана өспүрүмдөр арасында барган сайын популярдуу болууда. Мыйзам менен чектөөлөрдүн жоктугу өзгөчө мектеп окуучуларынын арасында вейпингдин модага айланып, күндөн-күнгө өспүрүмдөр арасында вейп колдонуу көбөйүп бара жаткандыгына шарт түзүүдө.

“Вейптин же электрондук тамекинин аэрозолу кадимки тамекилер сыяктуу өпкөнүн кыска мөөнөттүү сезгенүү реакциясын пайда кылат. Мындан тышкары, никотинсиз суюк буулар ден соолукка олуттуу зыян алып келиши мүмкүн. Аэрозолдун курамындагы никотин тамырлардын тарылышына алып келип, инфарктка алып келиши мүмкүн. Адамдын мээси болжол менен 25 жашында толук жетилет. Бул жашка чейин ал никотинге өзгөчө алсыз болот. Ошондуктан балдар жана өспүрүмдөр өзгөчө коркунучта”, — деп айтылат маалымкат негиздемеде.

Кыргызстанда буга чейин коомдук жайларда тамеки чегүүгө, анын ичинде электрондук тамеки, кальян жана башка аралашмаларды тартууга тыюу салынган. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров 2021-жылдын сентябрында кол койгон. Бирок бул мыйзамда электрондук тамеки чегүүдөгү эрежелерди бузгандыгы үчүн эч кандай жаза каралган эмес.

Депутат электрондук тамеки чеккен кыз-келиндер көбөйгөнүн айтты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>