Депутат Эмил Жамгырчиев кайда экени айтылды

Депутат Эмил Жамгырчиев кайда экени айтылды

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев эмгек өргүүсүнө чыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында анын төрагасы Сүйүн Өмүрзаков билдирди.

Анын айтымында, эл өкүлү парламенттин төрагасына кат жолдогон.

«Катта Эмил Жамгырчиев атасынын катуу ооруп жатканына байланыштуу эмгек өргүүсүн сурап жатканы айтылат. Ошондуктан жыйындарга катышпай жатат», — дейт Сүйүн Өмүрзаков.

Эскерте кетсек, 26-ноябрда УКМК депутат Эмил Жамгырчиевди кармап кетип, кайра кое берген. Ал депутат кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстанга чыгуу үчүн «Ак-Жол» өткөрмө бекетине барганда, Жамгырчиевдин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынганы белгилүү болгон.

Жогорку Кеңештин 30-ноябрдагы жыйынында депутат Жанар Акаев Эмил Жамгырчиевдин кармалып, кайра кое берилгени, чет өлкөгө чыгуусуна тыюу салынганы тууралуу маселени көтөрүп, аны Жамгырчиевдин Кемпир-Абад маселеси боюнча каршы добуш бергени менен байланыштырган.

Ошондой эле, Акаев буга чейин Эмил Жамгырчиевге козголуп, сот тарабынан актоо чечими чыккан ишти кайра жандандыруу аракети болуп жатканын айткан. Аны менен бирге, ал Жамгырчиевдин үйү менен унаасынан үн жана видео жаздыруучу жабдык табылганын билдирген.

Ал эми УКМК Жамгырчиевдин жүргөн жери белгисиз экенин билдирген.

6-декабрда Башкы прокуратура Эмил Жамгырчиевдин актоо өкүмүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>