Пенсияга эрте чыгуу жокко чыгарылат. Мыйзам долбоор талкууда

Пенсияга эрте чыгуу жокко чыгарылат. Мыйзам долбоор талкууда

Бийик тоолуу райондордун жашоочулары башка аймакка көчүп кеткенден кийин пенсияга кошумча акчаларын сактап калышат. Мындай өзгөртүү пенсиялык мыйзамдарга киргизилип жатат.

Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев 13-мартта Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдиргендей, акыркы 30 жылда пенсионерлердин орточо жашы өскөн.

«Бийик тоолуу аймактарда үч баланын энеси 45 жашында пенсияга чыга алат. Азыр пенсиянын орточо курагы жогорулады, ошондуктан эрте пенсияга чыгуу жашын акырындык менен 48 жашка чейин көтөрүүнү сунуштап жатабыз», — деди чиновник. 

Бактияр Алиев белгилегендей, “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, Кыргызстанда мыйзамда көрсөтүлгөн куракка чейин эрте пенсияга чыгуу пунктары мыйзамдан алынып салынууда.

«Бир жылда 55 миң пенсионер мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыкса, анын 90 пайызы эмгек акы алган мамлекеттик кызматкерлер”, — дейт ал.

Анын айтымында, Кыргызстанда 80 жаштан ашкан 50 миң пенсионер бар.

Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда каралып, бирок кайра артка кайтарылган.

Социалдык фонд пенсияны 260 пайызга чейин көтөрүүнү пландоодо

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>