“Глобус” дүкөнүнөн 63,9 миң сом уурдаган шектүү кармалды (видео)

“Глобус” дүкөнүнөн 63,9 миң сом уурдаган шектүү кармалды (видео)

Бишкекте 27 жаштагы жаран акча уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-январда болжол менен саат 19:00до Чүй проспектисиндеги «Глобус» дүкөнүнүн кассасынан белгисиз адам 63 миң 905 сом уурдап кеткен. Бул окуя боюнча дүкөндөгүлөр 11-январда милицияга кайрылган.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 27 жаштагы Н.Т. аттуу жаран кармалган. Ал мурда уурулук фактылары боюнча соттолгону белгилүү.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда анын башка ушул сыяктуу фактыларга катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган же кандайдыр бир маалыматы бар жарандар болсо, 0(707) 71-71-14 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>