Бишкекте тактикалык страйкбол боюнча ATG 2026 эл аралык турнири өттүМинистрлер Кабинети 2027-жылы 33 млрд сомдон ашык насыя тартууну пландоодоЧүй облусунда 110 млн сомдук муздаткыч комплекси ишке берилдиШакиранын концерти Кыргызстандын экономикасына $30 млн алып келиши мүмкүн — КубатовКыргызстанда жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылдыКыргызстанда үч жылда баалар дээрлик 22% кымбатташы мүмкүн
Ош шаарында баңги жана психотроптук заттарды сатууга шектелген жарандар кармалды
08.09.2026 | 09:59

Ош шаарынын аймагында баңгизаттарды жана психотроптук препараттарды сатууну уюштурууга шектелип эки жаран кармалды. УКМКнын маалыматында, кармалган трансчек аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрү тыюу салынган заттарды мыйзамсыз жүгүртүү каналын уюштурушкан.
4-сентябрда жүргүзүлгөн атайын операциянын алкагында С.у.Н. жана И.М.Х. аттуу жарандар психотроптук заттардын ири партиясын сатуу учурунда кармалган. Алар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда кылмыштуу схеманын башка катышуучуларын аныктоо иштери улантылып жатканы айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар