“Аю” компаниясынын спирт заводу мамлекетке өтүп жатат, — Жапаров

“Аю” компаниясынын спирт заводу мамлекетке өтүп жатат, — Жапаров

“Аю” компаниясынын спирт заводу менен арак заводу мыйзам чегинде конфискация болуп, мамлекетке өтүп жатат. Бул тууралуу Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирген.

Өлкө башчыга журналист “Ар кыл деңгээлдеги коррупциялык иштерге аралашкандар тергөө иштери жүрүп жаткан чакта эле кайсыл бир ири сумманы казынага кайтарып, алардын баш коргоо чарасы “үй камагы” болуп өзгөрүүдө. Бул коомчулукта “акчаң болсо эч кандай жаза албай эле кутулуп кетет турбайсыңбы” деген пикирлердин үстөмдүгүнө алып келип жаткан жокпу? Сиздин көз караш кандай бул маселеге?” деген суроо узаткан. Ага президент төмөндөгудөй жооп берген:

— Кимде ким казынадан уурдап кармалган болсо, аларды эки-үч эселеп кайтартып, анан үй камагына чыгарып коюп жаткан учурлар бар. Аларды мен деле байкап турам. Бирок кийлигишкеним жок. Бирок үй камагына чыкса эле акталып кетет дегендик эмес да. Сөзсүз сот иштери уланат. Соттун чечими менен аяктайт. Шартуу түрдө кесилеби же айып пул төлөп чыгабы, аны сот чечет.

Учурда соцтармакта айрым блогерлер белгилүү “Аю” компаниясы жогоруда биз сөз кылган “кустуруу” кампаниясынын курмандыгы болду дешүүдө. Башкача айтканда, аталган компанияны ар кандай шылтоо менен ири суммада акча “кустурушкан” жана анын кесепетинде “Аю” мурдагыдай күпүлдөп иштебей калышына бийликти айыпташууда.

— “Аю” компаниясын 2,5 жылдан бери эркелеттик. «Мурдагы заман бүттү. Эми таза иште. Салыкты жашырба, акцизди жасалма кылба. Спиртти контрабанда кылба, бийликтин чөнтөгүнө анча-мынча берип коюп баягыдай эле иштей берем дегениңди унут, бизге акча керек эмес, биз бюджетти толтурушубуз керек» деп суранып келдик. Укпады. Мурдагыдай эле миллиондогон салыктарды төкпөй, акцизди жасалма кылып, 12 миң даана жасалма акциз менен кармалды. Контрабанда спирт чыгарып, 275 тонна спирт менен кармалды. Баасы 40 миллион сомдон ашык болот. Анан эми спирт заводу менен арак заводу мыйзам чегинде конфискация болуп, мамлекетке өтүп жатат. Мындан ары спиртти да, аракты да мамлекет чыгарат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>