Аза кызматынын директору депутат Атамбаевди сотко берди

Аза кызматынын директору депутат Атамбаевди сотко берди

Бишкек шаардык Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин директору Төрөхан Жунусбеков Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Кадыр Атамбаевди сотко берди. Бул тууралуу Reporter.kg′ге Жунусбеков өзү билдирди.

Ал мындай кадамга аны негизсиз каралап, ар-намысына шек келтиргени себеп болгонун белгиледи.

«Кадырбек Атамбаев негизсиз эки жолу каралаган ушактарды тараткан. Бул боюнча жеке телефонуна бир нече жолу чалсам албай койду. WhatsApp мессенджерине жазсам жооп берген жок. Жогорку Кеңештин депутаты, агасы Сейит Атамбаевге да кайрылгам, бирок жолугушуудан качып туруп алышты. Ошондуктан ар-намысымды коргоо максатында сотко кайрылууга туура келди», — деди ал.

Ошондой эле Атамбаев аны «билимсиз, коррупционер»- деп ар кандай ушактарды таратканын кошумчалады.  Муну менен катар Бишкек 24 басылмасын дагы сотко бергенин шардана кылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>