Азербайжан Ысык-Көлдө мейманкана курууну көздөп жатат

Азербайжан Ысык-Көлдө мейманкана курууну көздөп жатат

Бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин отурумунда “Кыргызстандын Министрлер кабинети жана Азербайжан Өкмөтүнүн ортосундагы Ысык-Көлдүн жээгинде 5 жылдыздуу мейманкана куруу үчүн инвестициялар жөнүндө” макулдашуунун долбоору каралды.

Улуттук инвестиция агенттигинин директорунун орун басары Жалын Жээналиев Ысык-Көлдөгү жерлерди азербайжан тарапка 49 жылга ижарага берүү сунушталып жатканын белгиледи.  5 жылдыздуу мейманкана куруу мөөнөтү 3 жыл. Жердин жалпы аянты 17,24 гектар, анын ичинен 4,92 гектары – парк, пляж болмокчу. Ал эми  12,32 гектар  — инфрастурктура же мейманкага курулган жер.

Жыйында депутат Гүлшаркан Култаева Азербайжан тарапка берилүүчү жерге курулуучу мейманканалардын орундугу, эс алуу жайларынын куруу шарттарына кызыкты. Ошондой эле эл өкүлү пансионат курулушунда салык жана бажы жеңилдиги менен алынып келинүүчү курулуш материалдарынын санын жана суммасын тактап, аткезчилик көрүнүштөргө жол бербөөгө чакырды.Комитет төрагасы Мурадил Сыдыков 3 жылдын ичинде мейманкананы толук кандуу куруп бүтүрүү мүмкүн эместигин айтып, анын мөөнөтүн так белгилөө сунушун көтөрдү.

Жыйынтыгында комитет макулдашуунун долборун колдоого алды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>