Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси миссиясын аяктады

Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси миссиясын аяктады

Президент Садыр Жапаров Азербайжандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Гидаят Оружовду дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Азербайжан Кыргызстандын маанилүү өнөктөшү экенин жана өлкөлөр ортосундагы мамилелер жалпы тарыхтан, маданияттан, тилден, руханий жана диний баалуулуктардан келип чыккан бекем достук жана бир туугандык байланыштарга негизделгенин баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Гидаят Оруджевге чың ден соолук жана мындан аркы ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады, ошондой эле Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевге анын саламын жеткирүүнү суранды.

Азербайжандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Гидаят Оруджев мамлекет башчысына ыраазычылык билдирип, бир тууган Кыргызстан элине Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевден эң жакшы каалоо-тилектерин айтты.

Гидаят Оруджев Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы кызматташтыктын мындан аркы өнүгүшүнө, тереңдешине жана кеңейишине ишенимин билдирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>