Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Кыргыз куткаруучулары Түркияда издөө ишин Хатай шаарында улантат
16.02.2023 | 21:47
Түркиядагы жер титирөөдөн кийинки издөө-куткаруу иши кыргызстандык куткаруучулар тарабынан Хатай шаарында уланат. Түрк тараптын атайы кайрылуусу менен аталган жерге бүгүн ӨКМ куткаруучулары жөнөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Хатай шаарында да жер титирөөнүн күчү катуу болгондуктан адам курмандыктары көп экендиги айтылып жана бүгүнкү күндө куткаруучулардын жетишсиздиги белгиленди.
Ал эми буга чейин Түркиянын Кахаранмараш шаарынын Хайрулла, Он эки шубхат, Баалыжа, Абдулла Шейит жана Ебрар райондорундагы урап түшкөн имараттарда издөө куткаруу иши жүргүзүлдү. Натыйжада куткаруучулар жалпы 5 адамдын өмүрүн сактап, 168 жарандын сөөгүн чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар