Айрым аймактарда жаан жаайт: 20-августка карата аба ырайыТигүүчүлөр жана электрондук соода менен алектенгендер бирдиктүү салыктан убактылуу бошотулдуНарында ок атуу боюнча жаңы спорттук тир ачылдыКыргыз улуттук филармониясы жана Кореянын Сеул искусство жана маданият фонду кызматташатДүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына «Бишкек Аренага» шаттл-автобустар каттайт – даректерКылымдарды карыткан Кытай: Бишкекте өзгөчө эл аралык көргөзмө ачылды
Ажы тойдо видеого түшүп калган Кара-Суунун акими кармалды
24.07.2024 | 10:08
Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеев кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды. Бул тууралуу маалыматты Ош облустук соту ырастады.
Алардын билдирүүсүндө, кечээ аймактык сот анын бөгөт чарасын карап, камакка алуудан баш тартып, эч жакка кетпөө тил каты менен бошотту.
“Анын туруктуу жашаган жери бар жана кызматтык иш сапары эске алынды”, – дейт облустук сот.
Темирболот Абыкеевди УКМК кармаган. Айрым маалыматтарга караганда, ал район аймагындагы жайыт жерлерин мыйзамсыз берүүгө шектелүүдө.
Акимге каршы буга чейин “ОшТВ” каналынын журналисти арыз жазган.
https://reporter.kg/kara-suunun-akimin-azhy-tojdo-videogo-tartkan-zhurnalistke-kol-saluu-boldu/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом