ЖККУ Ирандагы кырдаалга байланыштуу Борбор Азиядагы энергетикалык объектилерди коргоону күчөтүүгө чакырдыЧүй облустук театры Талас шаарына гастроль менен баратСадыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыКыргызстанда чет өлкөлүк номерлүү унаалардын кирүү эрежелери өзгөртүлдү — толук маалыматОш шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлат
Бишкектин көчөлөрүндө мыйзамсыз орнотулган 168 көрнөк-жарнак алынды
14.08.2026 | 12:03

Бишкек шаарында тышкы жарнамаларды жана маалыматтык көрнөктөрдү калаанын дизайн-кодунун талаптарына ылайык келтирүү боюнча рейд өтүп, жыйынтыгында бир катар көрнөк-жарнактар алынды.
Мэриянын маалыматында, рейдде Курманжан Датка көчөсүнүн Жибек Жолу проспектисинен Чоң Чүй каналына чейинки тилкесинде белгиленген талаптарды бузуу менен орнотулган 168 жарнамалык конструкция алынды.
Муниципалитет ишкерлерди жана мүлк ээлерин жарнама конструкцияларын жайгаштыруунун мыйзамдуулугун текшерип, объекттердин сырткы жасалгасын бекитилген ченемдерге ылайык келтирүүгө чакырды.
Ошондой эле мындай рейддер шаардын бардык райондорунда туруктуу негизде жүргүзүлөрү айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом