Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Ажылардын алгачкы тобу Бишкекке кайтып келди
18.08.2019 | 14:21
Кечээ, 17-август күнү кечинде кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Жидда-Бишкек багыты боюнча Бишкек шаарына келишти. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлагандай, алгачкы топ менен 400 ажы келген.
Ажылардын тосуп алуу саамалыгына Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчилери жана ажылардын жакныдары катышты.
17-августтан тартып 1-сентябрга чейин кыргызстандык ажылар Жидда-Бишкек, Жидда-Ош жана Медина-Ош багыттары боюнча Кыргызстанга кайтып келишмекчи. Жалпысынан 18 каттам уюштурулган.
Эскерте кетсек, быйыл Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министрлиги бул жылы Кыргызстанга 6010 квота бөлүп берген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом