Казакстандын энергосистемасындагы мүчүлүштүктөн улам Кыргызстан убактылуу обочолонгон режимде иштеди — УЭТ

Казакстандагы жогорку чыңалуудагы линиядагы тышкы өчүрүүдөн кийин Кыргызстандын энергосистемасы убактылуу обочолонгон режимде иштөөгө өттү. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасына «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтан (УЭТ) билдиришти.
Компаниянын маалыматы боюнча, 14-августта саат 15:34тө Казакстандын энергосистемасынын түндүк жана түштүк бөлүктөрүн туташтырган жогорку чыңалуудагы линияда тышкы өчүрүү болгон. Натыйжада Борбордук Азиянын Бириккен энергосистемасы (БА БЭС) обочолонгон энерготүйүнгө бөлүнгөн.
«Кыргызстандын энергосистемасы дагы убактылуу обочолонгон режимде иштөөгө өттү. Жабдууларды сактап калуу үчүн автоматика белгиленген регламентке ылайык иштеди», — деп айтылат билдирүүдө.
УЭТ кырдаал көзөмөлдө экенин кошумчалады. Адистер иш режимин турукташтыруу жана электр менен камсыздоонун нормалдуу схемасын калыбына келтирүү үчүн зарыл чараларды көрүп жатышат.
Учурда өчүрүлгөн абоненттер жок, керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоо үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Компания электр энергиясынын кыска мөөнөттүү үзгүлтүккө учурашынын себептери тууралуу кошумча маалыматты кийинчерээк берүүнү убада кылды.
Эске салсак, бүгүн, 14-августта Бишкекте электр энергиясы менен камсыздоодо мүчүлүштүктөр байкалган. Шаардын айрым аймактарында чыңалуу өзгөрүп (скачок) жана жарык өчкөн учурлар болгон.