Кыргызстандын Минкаб башчысы өлкөгө КММди үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылууну тапшырды14-июль: Кыргызстанда абанын температурасы +39°C чейин көтөрүлөт, жаан жаап, күн күркүрөйтБишкекте баланы сүзүп кеткен автобустун айдоочусу күбөлүгүнөн ажыратылганын жашырып келгенКыргызстан менен Беларусь агросектордо жаңы долбоорлорду ишке ашырууну макулдашты«Кыргыз Петролеум Компани» АИ-80 бензининен АИ-92 маркасын чыгаратБишкек мэриясынын кызматкерлерин велосипедге өтүүгө чакырышты
Азимбек Бекназаров качан Малазияга кетет? Элчинин жообу
14.01.2020 | 13:54
Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалган Азимбек Бекназаров азырынча жаңы кызматына кирише элек. Бул тууралуу ал өзү билдиргенин «Vesti.kg» жазды.
Бекназаровдун айтуусунда, учурда Өкмөт элчилик кызматка тиешелүү документтерди даярдап жатат.
«Качан кызматына киришерим мага азырынча белгисиз. Малайзиядагы элчи кызматына киришүү тууралуу чынында али ойлоно дагы элекмин. Өкмөт көптөгөн документтерди даярдашы керек, ошондуктан качан кетерим азыр белгисиз. Учурда бардыгын даярдап жатабыз»,- дейт Бекназаров.
Эске салсак, Азимбек Бекназаров президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен үстүбүздөгү жылдын 26-декабрында Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат