Караколдо заманбап шаардык пляж ачылды — сүрөттөрЫсык-Көлдөгү коопсуздук: ӨКМ күн сайын рейддерди өткөрүүдөТрамп «төртүнчү мөөнөт» тууралуу тамашалап, «Trump 2028» жазуусу бар кепка кийдиЫсык-Көлдө Өзбекстандын маданият күндөрү башталат: 200 артист келдиАт-Башыда жарылуудан улам бир киши колунан айрылды — текшерүү жүрүүдөКыргызстанда кафе жана ресторандарды пландан тышкары текшерүү кайтарылышы мүмкүн
Азимбек Бекназаров: Саясатчылар бийликке келгенде эле оозун жаап алганга каршымын
16.01.2020 | 11:50
Бүгүн, 16-январда Кыргызстандын Малазиядагы элчиси болуп дайындалган Азимбек Бекназаров маалымат жыйын өткөрү жатат.
Жыйында Бекназаров «бийликке сатылып кетти» деген пикирлерге комментарий берди.
«Мен эч кимге сатылбайм. 2005-жылы Башкы прокурор болуп турган учурда дагы оозумду жапкан эмесмин, 2010-жылы Убактылуу өкмөт учурунда дагы оозумду эч ким жаба алган эмес, азыр дагы айта турган пикиримди айтам. Саясатчылар бийликке келгенде эле оозун жаап алганга каршымын», – деди элчи.
Эске салсак, Азимбек Бекназаров президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен үстүбүздөгү жылдын 26-декабрында Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат