Айыл чарба министрлиги фермерлерге көк бөрү (голубика) өстүрүүнү сунуштайт

КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кыргызстандыктарды көк бөрүгө (голубика) көңүл бурууга чакырды. Бул мөмө ден соолукка пайдалуу жана киреше алуу жагынан келечектүү деп эсептелет. Тиешелүү видеону мекеме Фейсбук баракчасына жарыялады.
Министрлик көк бөрү витаминдерге, минералдарга жана антиоксиданттарга бай экенин эске салды. Анын курамында иммунитетти чыңдоочу жана териге пайдалуу С витамини, кандын уюшуна жана сөөктөргө маанилүү болгон К витамини, көрүүгө жана былжыр челге пайдалуу А витамини жана клеткаларды картаюудан коргогон Е витамини бар.
Айыл чарба министрлиги көк бөрүнү жада калса өз үйүнүн алдындагы бакчада же огородунда өстүрүүнү сунуштайт: көчөттөрдү отургузуп, туура кам көрүү жетиштүү, ал эми биринчи түшүм 2–3 жылдан кийин эле алынат. Кийинчерээк көчөттөрдү көбөйтүп, плантацияны кеңейтүүгө болот.
Мекеме бул багытты ден соолукка пайдалуу гана болбостон, туруктуу киреше булагы катары да келечектүү деп эсептейт — Орусияда, Казакстанда жана Кыргызстандын ички рыногунда көк бөрүгө болгон суроо-талап жыл сайын өсүүдө. Сапатына жана мезгилине жараша бул мөмөнүн бир килограммы орточо 1200–1500 сом турат.