Ош шаарында декабрда балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу завод ишке киретМурда алты жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалдыКыргызстанда дары-дармектерди сактоо жана ташууга көзөмөлдү күчөтүү көздөлүүдөКыргызстанда 680 сомдон эт сатуучу дагы 100 павильон ачуу пландалуудаУлуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүнө 68 млн сомдук медициналык жабдуулар берилдиЖапонияда Борбор Азияны бирдиктүү турпродукт катары илгерилетүү сунушталды
Трамп «төртүнчү мөөнөт» тууралуу тамашалап, «Trump 2028» жазуусу бар кепка кийди
26.07.2026 | 14:15

АКШ президенти Дональд Трамп Ак үйдүн кабарчылар ассоциациясынын кечки тамагында сүйлөп жатып, башына «Trump 2028» деген жазуусу бар кепка кийип чыкты жана «төртүнчү мөөнөткө» талапкерлигин коюу ниети бар экенин тамашалап жарыялады.
«Мен өзүмдүн ниетимди жарыялоого кубанычтамын — бул кандайдыр бир деңгээлде сенсация — Америка Кошмо Штаттарынын президенттигине төртүнчү мөөнөткө ат салышам», — деди Трамп.
Ал ошондой эле буга чейин «үч жолу жеңгенин» жана муну кайрадан жасоого ниеттенип жатканын билдирди. Ошентип, АКШ президенти 2020-жылдагы шайлоодо жеңишке жеткени тууралуу өзүнүн далилденбеген ырастоолоруна дагы бир ирет кайрылды. Эске салсак, ал шайлоонун жыйынтыгы менен өлкө президенти болуп Жо Байден шайланган.
Азыркы президенттик мөөнөт Трамп үчүн экинчи мөөнөт болуп саналат. Мамлекет башчысын кезектеги шайлоо 2028-жылы өтүшү керек.
Буга чейин Трамп жаңы мөөнөткө талапкерлигин коюу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбай, бул үчүн «жолдор бар» экенин айткан. Бирок АКШ Конституциясынын 22-түзөтүүсү бир эле адамдын эки жолудан ашык президент болуп шайлануусуна тыюу салат.