Ош шаарында декабрда балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу завод ишке киретМурда алты жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалдыКыргызстанда дары-дармектерди сактоо жана ташууга көзөмөлдү күчөтүү көздөлүүдөКыргызстанда 680 сомдон эт сатуучу дагы 100 павильон ачуу пландалуудаУлуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүнө 68 млн сомдук медициналык жабдуулар берилдиЖапонияда Борбор Азияны бирдиктүү турпродукт катары илгерилетүү сунушталды
Ат-Башыда жарылуудан улам бир киши колунан айрылды — текшерүү жүрүүдө
26.07.2026 | 13:11

Нарын облустук ИИБ Reporter.kg басылмасына Ат-Башы районундагы жарылуу фактысын тастыктады, анын кесепетинен бир адам колунан оор жаракат алган.
Жергиликтүү ЖМКлардын булактарга таянып берген маалыматына караганда, бала көчөдөн гранатага окшош буюм таап алып, аны апасына берген. Андан кийин аял табылган буюмду жолдошуна берген, ал аны ташка урган учурда жарылуу болгон.
Нарын облустук ИИБдин басма сөз кызматы бул факты Ат-Башы РИИБде каттоого алынганын кошумчалады. Тийиштүү экспертизалар дайындалды, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Тергөөнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет.
Анара Мамытова
Теги: Нарын облусу, УВД