Ысык-Көлдөгү коопсуздук: ӨКМ күн сайын рейддерди өткөрүүдө

Туристтик сезондун кызуу мезгилинде Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) кызматкерлери Ысык-Көлдүн жээгинде алдын алуу иш-чараларын өткөрүп жатышат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, облустун бардык райондорунда куткаруучулар күн сайын пляждарга жана эл көп эс алган жайларга чыгып, эс алуучулар, туристтер жана аймактын коноктору менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Рейд учурунда жарандарга суудагы коопсуздук эрежелерин сактоо: белгиленген чектен (буйкалардан) ары сүзбөө, балдарды кароосуз калтырбоо, мас абалында сууга түшпөө, ошондой эле сапборд, катер, гидроцикл жана башка сүзүүчү каражаттарды тебүүдө сактык чараларын көрүү зарылдыгы эскертилүүдө. Өзгөчө көңүл куткаруучу жилеттерди милдеттүү түрдө кийүүгө бурулууда.
Алдын алуу иштери суу техникаларын ижарага берүүчү жайлардын ээлери менен да жүргүзүлүүдө. Аларга ар бир кардарга куткаруучу жилет берүү, сууга чыгардын алдында коопсуздук техникасы боюнча инструктаж өткөрүү жана коопсуздук талаптарын бузган адамдарга сүзүүчү каражаттарды колдонууга жол бербөө зарылдыгы эскертилет.
ӨКМ мындай иш-чаралар Ысык-Көл облусунун бардык райондорунда күн сайын өткөрүлүп жатканын белгилейт. Алардын негизги максаты — суудагы кырсыктардын алдын алуу, коопсуз эс алуу маданиятын жогорулатуу, ошондой эле жарандардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо.
Куткаруучулар өлкө тургундарын жана конокторун өз коопсуздугуна жоопкерчилик менен мамиле кылууга, суудагы жүрүм-турум эрежелерин сактоого жана ӨКМ кызматкерлеринин сунуштарына көңүл кош карабастыкка чакырышты.