Садыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыКыргызстанда чет өлкөлүк номерлүү унаалардын кирүү эрежелери өзгөртүлдү — толук маалыматОш шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлатКытай Кореядан озуп кетти: Кыргызстанга эми кайсы унаалар көбүрөөк ташылып жатат?Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалды
Суусамыр өрөөнүндө жол кырсыгынан кийин 4–5 тонна мазут төгүлдү
24.07.2026 | 10:42

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Бишкек–Ош унаа жолунун 205-чакырымындагы тилкени текшеришти — ал жерде жол-транспорт кырсыгынан улам мазут төгүлгөн.
Текшерүүдө аныкталгандай, мазут ташыган жүк ташуучу унаа жол кырсыгына учурап, оодарылып кеткен. Натыйжада кыртышка болжол менен 4–5 тонна мазут төгүлгөн.
Окуянын күнөөкөрүнө Укук бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде 20 000 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.
Жаратылыш ресурстары министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынан мазут төгүлгөн жерде экологиялык коопсуздукту камсыздоо максатында көзөмөл иш-чараларын улантып жатышканын кабарлашты.
Теги: минприроды