Ысык-Көлдө Өзбекстандын маданият күндөрү башталат: 200 артист келди

Кыргыз Республикасындагы Өзбекстан Республикасынын Маданият күндөрүнө катышуу үчүн Ысык-Көлгө Өзбекстандын чыгармачыл делегациясы келди. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара 27-28-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтөт.
«Ысык-Көл» (Тамчы) эл аралык аэропортунан конокторду министрдин орун басары Аскаралы Мадаминов тосуп алды.


Өзбек делегациясын ӨР Маданият министри, Өзбекстандын эл артисти Озодбек Назарбеков жетектеп келди.

ӨР делегациясынын курамына маданият жана искусство тармагынын 200гө жакын өкүлү кирди, алардын арасында белгилүү аткаруучулар, музыканттар, бий жамааттары, маданият ишмерлери жана чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү бар.

Эки күндүн ичинде катышуучулар Ысык-Көл облусунун тургундарына жана конокторуна өзбек искусствосунун тарыхый-маданий мурасын жана заманбап жетишкендиктерин чагылдырган маданий программаны тартуулашат.

«Маданият күндөрүн өткөрүү эки өлкөнүн маданий жашоосундагы маанилүү окуя болуп, кыргыз-өзбек маданий-гуманитардык кызматташтыгын жана элдер ортосундагы достукту мындан ары бекемдөөгө өбөлгө түзөт», — деп белгилешти КР Маданият министрлигинен.