Кыргызстанда РФ Мамлекеттик Думасына шайлоо үчүн төрт шайлоо тилкеси ачылатКыргыз-Кытай технологияларды трансферлөө борборунун филиалы ачылдыКыргызстан менен Корея соода жана инвестиция жаатында кызматташуу меморандумуна кол коюштуБишкекте Гоголь көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат«Биз өзүбүздүн чоң үйүбүздү куруп жатабыз»: КРСУнун ректору Сергей Волков — университеттин келечеги тууралууБарскоон суусунда балыктардын өлүмү катталды. Учурда иликтөө жүргүзүлүүдө
Мушкер кыз Айжамал Адылбекова Азия чемпионатында коло утту
01.11.2023 | 09:00
Кыргызстандык мушкер кыз Айжамал Адылбекова Казакстандын борбору Астанада өтүп жаткан бокс боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Спортчу кыз мелдешке 63 кг салмакта катышкан. 1/4 финалдагы биринчи беттешинде тажикстандык мушкер кызды утуп, жарым финалга чыккан.
Жарым финалда ал казакстандык спортчуга жеңилип, жыйынтыгында коло байгенин ээси болду.
Эскерте кетсек, 21-октябрь күнү башталган бокс боюнча жаштар жана өспүрүмдөр арасында Азия чемпионаты 4-ноябрь күнү жыйынтыкталат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз