Өлкөдө 25-44 курактагы эркектердин 31 пайызынын кан басымы жогору

Өлкөдө 25-44 курактагы эркектердин 31 пайызынын кан басымы жогору

Кыргызстанда тузду аз пайдалануу жумалыгы башталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, туз жүрөк-кан тамыр ооруларынын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

Мекеме коомдук тамактануучу жайларда тузду колдонууну чектөөнү сунуштайт. Андан сырткары, курамында туз көп болгон товарларга атайын белги чаптоо зарылдыгы айтылды.

“Инфекциялык эмес оорулардан жыл сайын 28 миңден ашык киши каза болот. Бул өлкөдөгү жалпы өлүмдүн 83 пайызын түзөт”, — дейт Бүбүжан Арыкбаева.

Аткаминер Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларынын көрсөткүчү жогору экенин белгиледи.

“Гипертенция – Кыргызстан үчүн биринчи орундагы коркунуч. 2013-жылы жүргүзүлгөн иликтөө боюнча өлкөдөгү 25-44 курактагы эркектердин 31 пайызынын, аялдардын 26 пайызынын кан басымы жогору. Анын башкы себептери туура эмес тамактануу жана кыймыл-аракеттин аздыгы”, — дейт Бүбүжан Арыкбаева.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>