Азия кубогу: Бүгүн Кыргызстан 1/8 финалга чыгар-чыкпасы аныкталат

Азия кубогу: Бүгүн Кыргызстан 1/8 финалга чыгар-чыкпасы аныкталат

Бүгүн, 25-январда Кыргызстандын футбол курамасы Азия кубогунун тайпалык баскычындагы акыркы беттешин өткөрүп, 1/8 финалга чыгар-чыкпасы аныкталат.

Оманга каршы боло турган оюн Бишкек убактысы боюнча саат 21:00до башталат.

Бул оюнга “ак шумкарлар” кызыл, атаандаштары ак кийим менен чыгат. Беттеште кувейттик топ калыстык кылат.

Белгилүү болгондой, Кыргызстан тайпалык баскычтагы алгачкы эки оюнунда жеңилүү ызасын тартып, упай ала элек. Ага карабай “ак шумкарлардын” 1/8 финалга өтүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн Кыргызстан Оманда 2 гол айырмачылыгында утушу керек.

Эскерте кетсек, Азия кубогунун жобосуна ылайык, өз тайпасында биринчи жана экинчи орунду ээлеген курамалар плей-оффко чыгат. Ошондой эле өз тайпасында үчүнчү орунду алып, мыкты деп табылган 4 курама да 1/8 финалда ойной алат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>