Мүлктү камакка алуу, карыз алуучуну коргоо жана айып пул: КРда мыйзам долбоору даярдалдыЫсык-Көл менен Соң-Көлдө өндүрмөлүк балык уулоого үч жылдык мораторий киргизилдиМинистрлер кабинети ак кантты, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнөн ташып келүүгө алты айга тыюу салдыБийлик маселени талкуулап жаткан чакта, Таш-Мойноктун балдары мектепке 2 км жөө каттоодоУлуттук музейде Лейлек килемдеринин фестиваль-жарманкеси ачылдыКыргызстан коррупцияга каршы күрөшүү тажрыйбасын Душанбеде тааныштырды
Кыргызстандык 11 боксчу Испаниядагы мелдешке катышат
25.01.2024 | 10:10
Кыргызстандык боксчулар Испанияда өтө турган Boxam эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 29-январда башталып, 4-февралда жыйынтыкталат. Ага Кыргызстандын атынан 11 мушкер катышат.
Курама команданын тизмеси:
– Нуржигит Дүйшебаев – 51 кг;
– Санжар Сейдакматов, Мунарбек Сейитбек уулу – 57 кг;
– Мирзахид Имамназаров , Алмаз Орозбеков – 63.3 кг;
– Нурадин Рустамбек уулу, Сыргак Абдыжапар уулу – 71 кг;
– Сагын Сатыбалды уулу, Эркин Адылбек уулу – 80 кг;
– Өмүрбек Бекжигит уулу – 86 кг;
– Бакыт Токтосун уулу – +92 кг;
Курама команда мелдешке улук машыктыруучу Улан Сагынбаев жана башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулунун жетекчилиги алдында катышат.