Азия кубогу: Кыргызстандын курамасы Таиландга утулуп калды

Азия кубогу: Кыргызстандын курамасы Таиландга утулуп калды

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Катарда өтүп жаткан Азия кубогундагы алгачкы беттешинде жеңилүү ызасын тартты.

F тайпасынын 1-турунун алкагында Кыргызстандын курамасы Таиланддын командасы менен беттешип, 0:2 эсебинде утулуп калды.

Оюн 2:0 эсебинде Таиланд командасынын пайдасына жыйынтыкталды.

Кыргызстандын командасы эми 21-январда Сауд Арабия менен беттешет.

Белгилей кетсек, Азия кубогунун финалдык бөлүгүндө 24 команда 6 тайпага төрттөн бөлүнүп ойнойт. Кыргызстан Азия кубогунда Таиланд, Сауд Арабия жана Оман менен F тайпасында жайгашкан.

Бул мелдештин жобосуна ылайык, өз тайпасында биринчи жана экинчи орунду ээлеген курамалар плей-оффко чыгат. Ошондой эле өз тайпасында үчүнчү орунду алып, көрсөткүчтөрү жакшы болгон төрт команда да 1/8 финалда ойнойт.

Азия кубогу: Кыргызстан канткенде тайпасынан чыга алат?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>