«Салык чектин» жеңүүчүлөрү байгелерин качан алары айтылды

«Салык чектин» жеңүүчүлөрү байгелерин качан алары айтылды

Мамлекеттик салык кызматынан «Чек талап кылып, байге утуп ал»! лотереясынын жеңүүчүлөрү байгелерин качан алышарын айтып беришти.

Ведомстводон билдиришкендей, учурда ведомстволор аралык көз карандысыз комиссия лотереясынын экинчи этабынын жеңүүчүлөрүн лотереянын шарттарына жана талаптарына шайкештигин текшерүүдө.

Лотереяга катышуунун шарттары жана талаптары «Салык чек» мобилдик тиркемесинин «Тасма» бөлүмүнө жайгаштырылган.

Эскерте кетсек, утуштар 2023-жылдын 25–30-декабрда өткөн.

«Текшерүү бүткөндөн кийин cалык кызматкерлери байге ээлерин чакырып, байгелерди алууга негиз болгон сертификаттарды тапшырышат. Ошондуктан, урматтуу жеңүүчүлөр, тынчсызданууга негиз жок. Эгерде сиз лотереянын эрежелерин бузбасаңыз, утушуңузду сөзсүз аласыз. Көңүл буруңуз! Телефон чалып, куттуктап, байге үчүн акча которууну суранган шылуундардан абайлаңыздар. Байгелер акысыз жана салык төлөөсүз берилет», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 25-декабрдан 30-декабрга чейин лотереяда 1244 баалуу байге ойнотулган, анын ичинде 10 батир, 11 электромобиль жана чет өлкөгө 4 жолдомо.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>