Кыргызстандыктар үчүн Кытайдын ЖОЖдорунда окууга 9 мамлекеттик стипендия бөлүндүMBusiness акциясында ишкерлер 1 миллион жана 200 миң сомдон утуштуПутин, Си Цзиньпин жана Трамп Шэньчжэнь шаарында жолугушту: сүйлөшүүлөр алдындагы негизги учурларЖыргалаңдагы «Ала-Тоо Резорт» тоо кластери 1-декабрда расмий түрдө ачылатКыргызстандык стендап-комик Элдос Алмазов каза болду. Ал 29 жашта элеКРде жалгыз бой ата-энелердин иш күнүн 1 саатка кыскартуу сунушталды
Азия оюндары: Шаршенбеков тажикстандыкка утулуп жатып, жеңишти сууруп кетти
04.10.2023 | 09:45
Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков (60 кг) Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарынын чейрек финалына чыкты.
Күрөш боюнча мелдештер бүгүн, 4-октябрда башталып, Шаршенбековдун биринчи беттеши 1/8 финалда болуп өттү.
Анын алгачкы атаандашы тажикстандык Асламжон Азизов болду. Беттештин биринчи бөлүгүндө тажикстандык балбан 5 упай алып, алдыга чыккан. Бирок экинчи бөлүктө Жоламан Шаршенбеов жалпы 8 упай алууга жетишип, жеңишти сууруп кетти.
Эми ал чейрек финалда түштүк кореялык Ханжаэ Чун менен күч сынашат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз