Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Азия оюндары: Жөө күлүк Сардана Трофимова коло алды
05.10.2023 | 10:47
Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында кыргызстандык жөө күлүк Сардана Трофимова коло байге алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 5-октябрь күнү жеңил атлетика, анын ичинде марафон боюнча жарыштар өттү.
Сардана Трофимова марафон (42 чакырым 195 метр) боюнча жарышка катышып, 3-орунга татыган. Сардана Трофимова 42,2 чакырымды 2 саат 28 мүнөт 41 секундда чуркап өткөн. Бул жарышка 17 спортчу катышкан.
Эскерте кетсек, учурда Азия оюндарында кыргызстандык спортчулар 3 алтын, 4 коло байге алды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз