Эмне үчүн альпинист Наговицынанын сөөгү дагы деле Жеңиш чокусунда — ӨКМдин жообуКОСУнун студенттери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга катышатКыргызстанда «Мал аман» мамлекеттик ишканасы түзүлүп, жеке ветеринарлар ишке алынатМанас шаарында жаңы автобекет ишке кирдиБишкекте көчөдөгү жаңжалдын катышуучулары майда бейбаштык үчүн жоопко тартылдыЖапон окумуштуулары Ак-Бешим шаар чалдыбарында археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт
Көлбаевдин өлүмү: Бүгүн абактарда абал кандай? Расмий жооп
05.10.2023 | 10:20
Кыргызстандагы абактарда абал тынч, эч кандай тополоң чыккан жок. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.
Аталган кызматтан билдиришкендей, буга чейин соцтармактарга чыккан “Камчы Көлбаев кармоо учурунда өлтүрүлгөндөн кийин абактарда тополоң болду” деген маалымат чындыкка дал келбейт. 5-октябрга карата Жазаларды аткаруу кызматына караштуу Кыргызстандагы 26 абакта абал тынч, эч кандай тополоң жок.
Эскерте кетсек, 4-октябрда УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо жүргүзүп, операция учурунда Көлбаев жок кылынганы кабарланган. УКМКнын маалыматы боюнча, кармоо учурунда Көлбаев атайын багыттагы кызматкерлерге куралдуу каршылык көрсөтүп, ага жооптуу ок атылганда, кримтөбөл жараат алып, окуя жеринде көз жумган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом