Азия оюндарынан байге уткандарга акчалай сыйлык тапшырылды

Азия оюндарынан байге уткандарга акчалай сыйлык тапшырылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Ханчжоу шаарында 23-сентябрдан 8-октябрга чейин өткөн XIX жайкы Азия оюндарынын байге ээлерине акчалай сыйлактарды тапшырды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен маалымдашты.

Акылбек Жапаров балбандар жаракат алып калганына карабастан, бекем эркти, майтарылбас, кажыбас кайратты көрсөтүп, кыргыз куржунун алтын, күмүш, коло медалдары менен толтурганын белгиледи.

“Биздин Айсулуу кандай медаль алып келсе да, аты спорт тарыхында эле эмес, ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө орун алат. Айпери кызыбыз бир бутунан 1 ай мурда эле жаракат алганына карабастан, Азия оюндарында алтынды багындырып отурат. Жүрөгүбүз менен кубандык. Балбан жигиттерибиз өздөрүнүн ысымдарын уламышка – легендага айландырышты. Күч атасын тааныбайт деген ушу. Белграддагы Дүйнөлүк чемпионаттан балбандар келгенче Эрлан Шеров дзюдодон алтын медаль жеңип берди. “Акжол – акула” деген легенда көптүн үшүн ала турган болду. Жоломан балам олимпиадалык оюндардан алдырганда көрүүчүлөр сени менен кошо ыйлашкан. Ошол үмүттөрдү эки үч эсе актап берди. Биздин тренерлер, насаатчылар, медиктер ар бир спортчуну машыктырып турганыңар үчүн терең ыраазычылык билдиребиз” – деди ал.

Ошентип, алтын медаль үчүн Эрлан Шеров (дзюдо), Акжол Махмудов, Жоломан Шаршенбеков (грек-рим күрөшү), Айпери Медет кызына (кыз-келиндер күрөшү) 1 млн 250 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.

Күмүш медаль үчүн Адилет Шадыканов (карате) жана Нурзат Нуртаевага (кыз-келиндер күрөшү) 750 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.

Коло медаль үчүн Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү), Раззак Бейшекеев (грек-рим күрөшү), Авазбек Аманбеков, Темирлан Аманкулов (ушу-саньда), Сардана Трофимова (жеңил атлетика), Назим Нурланов, Кымбат Тойтонова (карате), Орозбек Токтомамбетов жана Айаал Лазаревге (эркин күрөш) 500 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.

Мындан тышкары, машыктыруучулар курамына дагы акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Эскерте кетсек, Азия оюндарында Кыргызстандын курамасы жалпы эсеп боюнча 4 алтын, 2 күмүш жана 9 коло медаль жеңип, 18-орунду ээледи.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>