Садыр Жапаров иш сапары менен Катарга барды

Садыр Жапаров иш сапары менен Катарга барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-декабрда, Катардын Эмири шейх Тамим бен Хамад Аль Танинин чакыруусу менен Катар мамлекетине иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын учагы Доха шаарындагы  «Хамад Интернешнл» эл аралык аэропортуна конду. Килем төшөлүп, ардак кароол тизилген.

Президент Садыр Жапаровду траптан Катардын спорт жана жаштар министри Салах бин Ганим Аль Али тосуп алды.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>