Кыргызстанга өткөн Кара-Жантак айылынын тургундарына үйлөрүнүн документтери берилдиБШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтоттуКыргыз элинин мурастарынын энциклопедиясын түзүү долбоору башталдыКРде жугуштуу эмес ооруларга каршы күрөшүүнүн улуттук стратегиясы иштелип чыгат2026-жылдын биринчи жарымында өлкөгө 709,9 млн доллар инвестиция тартылган7-ноябрда өлкөдө күн ачык жана жылуу болот
№47 колониясында жаткан адам каза болду
21.02.2022 | 15:40
Бишкектеги No47 түзөтүү колониясында кылмыш жазасын өтөп жаткан 60 жаштагы кант диабети менен ооруган адам каза болду. Мыйзамга ылайык, камакта кармоого тоскоол болгон айыккыс оор оорулардан, анын ичинде кант диабетинен жапа чеккен соттолгондор мындан ары абакта калуудан бошотулушу мүмкүн.
Жазаларды аткаруу кызматынан билдиргендей, абактагы адам 18-февралдын кечинде каза болгон.
«Өлүмдүн алдын ала себеби «жүрөктүн иштебей калышы жана кандагы канттын жогорулашы» деп билдирди басма сөз кызматы.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом