УКМК бажы кызматкерин кармады: жарык берүүчү мамылар металл сыныгы катары катталган

09.10.2026 | 14:41
ГКНБ задержал таможенника: опоры освещения оформили как металлолом — Новости Кыргызстана

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Түндүк-Чыгыш бажысынын бажы постундагы борбордун текшерүү тобунун инспектору, 1995-жылы туулган Д.М. аттуу кызматкерди кармады. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жана товарды туура эмес декларациялоого шектелүүдө. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Түндүк-Чыгыш бажысы аркылуу «кара металл» деген аталыш менен 98 жарык берүүчү мамы өткөрүлгөн. УКМКнын маалыматы боюнча, жүктү бажылык тариздөөдө ТЭИ ТНдин туура эмес коду колдонулган. Мунун кесепетинен мамлекеттик бюджетке тийиштүү бажы төлөмдөрү түшпөй, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Инспектор Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Теги: ГКНБ
Scroll to Top