Садыр Жапаров Нарын менен Кочкордо 433 батирлүү ипотекалык үйлөрдү пайдаланууга берди

07.10.2026 | 11:39
Садыр Жапаров ввел в эксплуатацию ипотечные дома на 433 квартиры в Нарыне и Кочкоре — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 7-октябрда, Нарын шаарында 216 батирлүү жана Кочкор районунда 217 батирлүү турак жай комплекстери пайдаланууга берилди. Ачылыш аземге өлкө башчы Садыр Жапаров катышты.

Турак жай комплекстери Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган. Аларда балдар ойноочу жайлар, спорттук аянтчалар, унаа токтотуучу жайлар жана кеңсе бөлмөлөрү каралган.

Президент аземде сөз сүйлөп, аймакка кадрларды тартуу максатында Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине 20 батир, Кочкор районунун Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн менчигине дагы 20 кызматтык батир берилгенин билдирди..

Ошондой эле ал жыл соңуна чейин Баткен, Токмок, Кара-Балта, Манас, Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында, ошондой эле Сокулук, Сузак, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда 20 миңден ашык батирдин курулушу аяктарын маалымдады. Ал эми Жумгал районунун Чаек айылында 240 батирлүү турак жайдын курулушу жүрүп жатканын белгиледи.

“Өлкө боюнча 150-200 миңге жакын үй-бүлө жеткиликтүү турак жайга муктаж. Ошондуктан калктын жашоо деңгээлинин жогорулашы үчүн турак жай менен камсыздоо жаатындагы социалдык милдеттерибизди аткара беребиз”,- деди өлкө башчы.

Scroll to Top