Араб инвесторлору Кыргызстандын энергетика, туризм тармагына кызыктар

Араб инвесторлору Кыргызстандын энергетика, туризм тармагына кызыктар

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров өлкөгө иш сапары менен келген Бириккен Араб Эмираттарынын Экономика министри Абдулла бин Таук Аль Марри менен жолугушууда бир нече маселелерди талкуулашты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы алгач  Бириккен Араб Эмиратынын Президенти шейх Халифа бин Заед Аль Нахайяндын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу бүтүндөй Эмират элине көңүл айтып, өлкөлөр ортосундагы мамилени бекемдөөдөгү мындан аркы келечектүү багыттарды пикир алышты.

«Сиздин сапарыңыздын жыйынтыктары, Кудай буюрса, бир туугандык мамилелерибиздин мындан ары бекемделишине чоң түрткү беришине чоң үмүт артам. Кыргыз-эмират соодасынын көлөмү 2021-жылы дээрлик 70 млн. АКШ долларды түзгөн.  Бул, албетте, жакшы динамика, бирок көрсөткүчтөрдү 3-4 эсеге чейин көтөрүшүбүз зарыл”-деди Акылбек Жапаров.

Министерлер Кабинетинин Төрагасы биргелешкен Кыргыз-Эмират инвестициялык өнүктүрүү фондун түзүүнү, БАЭнин Стандарттар боюнча лабороториялык борборун Кыргызстанда ачууну, мындан сырткары жогорудагы демилгелерди ишке ашыруу максатында Инвестиция Борборун ачуу боюнча сунуштарын айтты.

Өз кезегинде Бириккен Араб Эмираттарынын Экономика министри Абдулла бин Таук Аль Марри жогорку деңгээлде тосуп алып, меймандостукту көрсөтүп жаткан кынгыз элине ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстан менен сунушталып жаткан долбоорлор үстүндө иштешүүгө кызыктардыгын билдирди.

“Биз Кыргызстанга бизнесмендер, ири компаниялар, туризм, энергетика, айыл чарба тармактарынын өкүлдөрүнөн куралган 40 адамдан турган делегация менен келдик. Негизинен сиздер менен энергетика, тоо-кен, туризм тармактары боюнча кызматташууга кызыктарбыз. Сиз тараптан айтылган бардык сунуш-пикирлерди эске алып, аны ишке ашырууга даярбыз”- деди министр Абдулла бин Таук Аль Марри.

Жолугушунун жүрүшүндө Бириккен Араб Эмираттарынын Экономика министри Кыргыз-Эмират Өкмөттөр аралык Комиссиянын 2-отурумун, ишкерлер кеңешинин жыйынын ушул жылдын аягына чейин биргеликте өткөрүүнү колдой турганын билдирди. Мындан сыткары Кыргызстандын таза суусун чет өлкөгө таанытып, экспорттоого көмөктөшөрүн кошумчалады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>