Багдаддагы жардыруудан 32 киши мерт кетти

Багдаддагы жардыруудан 32 киши мерт кетти

Багдаддын борборундагы эки жардыруудан кеминде 32 киши каза болуп, 110 адам жаракат алды. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.

Ирактын бийлиги жардыргыч затты Тайаран аянтындагы кийим-кече базарында жанкечти ишке киргизгенин билдирди.

Күбөлөрдүн айтымында, биринчи жанкечти базарда өзүн жаман сезип жатканын айткан. Ага жардам бериш үчүн адамдар топтолгондо жардыргыч затты иштеткен. Экинчи жардыруу базардагылар биринчи жардыруудан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүп жаткан учурда болгон.

Өлкөнүн жарандык коргонуу штабынын башчысы Кадхим Салман бул кол салуунун артында «Ислам мамлекети» террордук тобу турушу мүмкүн экенин билдирди.

Бул Ирактын баш калаасындагы 2018-жылдын башындагы жардыруудан берки эң кандуу кол салуу болуп калды. Анда дал Тайаран аянтында жанкечти өзүн жардырып, 30дан ашык адам каза болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>