Жаратылыш ресурстары министри Япониянын элчиси менен экология жана тоо-кен тармагындагы кызматташууну талкууладыЮстиция министрлиги адвокаттардын ишинен кемчиликтерди аныктап, Этика боюнча комиссиядагы катышуусун убактылуу токтоттуКыргызстан Өзбекстандан минералдык жер семирткичтерди жеткирүүнү кайра жандандырууну каалайтКыргызстан мобилдик клиниканы каржылоону дагы эки жылга узартууну өтүндүНаманган менен Кыргызстан 55 млн долларлык фармацевтика өндүрүшүн биргелешип ишке ашырууну пландоодоКыргызстанда браконьерлик үчүн жаза күчөтүлдү — президент мыйзамга кол койду
Бахрейндеги ММА турниринде кыргызстандык франциялык мушкер менен беттешет
22.02.2022 | 18:13
Кыргызстандык жеңил салмактагы “Омок” Кубанычбек Абдисалам уулу (18-3-0) BRAVE CF 57 турниринде франциялык мушкер Амин Аюб (16-5-0) менен беттешет. Бул тууралуу BRAVE COMBAT федерациясы Instagram баракчасына жарыялады.
Турнир 11-мартта Бахрейн Королдугунда BRAVE 2022 эл аралык мушташ жумалыгынын алкагында өтөт.
Brave Combat Federation дүйнө жүзү боюнча аралаш мушташ өнөрүн өнүктүрүү борбору болуп саналат. Биринчи BCF иш-чарасы 2016-жылдын 23-сентябрында, Шейх Халиддин туулган күнүндө болгон.
Белгилей кетсек, Кубанычбек Абдисалам уулу Жакынкы Чыгышта активдүү 219 орто салмактагы спортчулардын арасында биринчи, 1226 активдүү орусиялык жеңил салмактагы спортчулардын арасында 9-орунда турат.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт