Президент келечекте «Студенттик насыя» механизми ишке киргизилерин билдирдиСадыр Жапаров: үй-бүлө мамлекеттик саясаттын көңүл чордонунда болот«Балдарды камактагылардай колдонуп жатышат»: Бекешев мектептердеги эмгек иштери тууралууСадыр Жапаров: чыныгы инвестордун артынан чиновниктер өздөрү чуркашы керекМанас Кыргызстандагы экинчи экономикалык борбор макамын алатКыргызстанда 2027-жылдын январынан тарта бир катар социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйөт
Акжол Махмудов менен Роман Власовдун беттеши Алматада өтөт
23.04.2023 | 18:21
Алмата шаарында 26-апрелде Poddubny Wrestling League турнири өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Ага Кыргызстан, Албания, Болгария, Иран, Куба, Монголия, Россия жана башкалар өлкөлөрдөн балбандар катышат.
Турнирдин башкы беттеши — Роман Власов менен Акжол Махмудовдун күрөшү болот.
Белгилей кетсек, Роман Власов Акжол Махмудовду бир жыл мурун беттешке чакырган. Андан сырткары, бир катар кыргыз балбандары орусиялык спортчулар менен күч сынашат. Жоломан Шаршенбеков жана Динислам Бамматов, Тайырбек Жумашбек менен Абасгаджи Магомедов, Үзүр Жузупбеков менен Артур Саргсян кездешет.
Турнирдин байге фонду — 20 миллион рубль.
Буга чейин Акжол Махмудов орусиялык балбан Роман Власовго каршы беттешке даярдыгы тууралуу айтып берген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом