Москвадагы элчилик кыргызстандык эки кызды издеп жатат

Москвадагы элчилик кыргызстандык эки кызды издеп жатат

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Москвадагы элчилик менен биргеликте 22-мартта «Крокус Сити Холлдо» болгон кол салууда жабыркаган жарандар тууралуу маалыматты тактоо иштерин жүргүзүүнү улантууда.

ТИМден билдиришкендей, куралдуу кол салуу болгондон кийин алгачкы жарыяланган жабыркаган жарандардын тизмесинде Кыргызстандын эки жараны болуп, алардын жакын туугандары менен байланыш түзүлгөн. Бирок аталган жарандар жабыркады деген маалымат ырасталган эмес.

Учурда Орусия тарабынан жабыркаган жарандардын тизмесин жаңыртуу иштери улантылууда.

«Өз кезегинде министрлик элчилик менен биргеликте учурда байланышка чыкпай жаткан Кыргызстандын эки жаранынын жакын туугандары менен тыгыз байланышта болууда. Ошол эле кезде аталган жарандар Орусия тарабынан расмий түрдө жарыяланган жабыркаган жарандардын тизмесине кирген эмес», — деп билдиришти ТИМден.

Ал эми социалдык тармактарда “Крокус Сити Холлдогу» кафеде иштеген эки кыргызстандык кыз жок болуп жатканын жазышууда.

22-мартта «Крокус Сити Холл» концерттик залында куралдуу кол салуу болгон. Анда «Пикник» тобунун концертинин алдында белгисиз бирөөлөр автоматтан ок чыгарган. Соңку маалыматтар боюнча, каза болгондордун да, жабыркагандардын да саны 100дөн ашты. Терактыга түздөн-түз катышы бар делген ондон ашык адам кармалды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>