Байсалов Бишкектеги Лениндин эстелиги ордунда каларын билдирди

16.01.2025 | 15:41

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкектин эски аянтындагы Лениндин эстилиги ордунда каларын билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн эстеликти алуу тууралуу планы жок.

“Ала-Тоо аянтындагы В.И. Лениндин эстилигинин макамы 2000-жылы мыйзам менен аныкталган. Мындан улам ал башка бетке (Тарых музейинин алдынан артына – ред.) көчүрүлгөн. Айтмакчы, Лениндин эстелигин алууга Турдакун Усубалиев биринчи болуп каршы чыккан. Биз жаңы мамлекет куруп жатабыз, жакшы нерсени унутпай, жаман нерседен сабак алуудабыз. Аталган маселени демилгелөө боюнча министрлер кабинетинин планы жок”, – дейт ал.

Эскерте кетсек, 15-январда Жогорку Кеңештин жыйынында төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев Бишкектеги Тарых музейинин аркасындагы Владимир Лениндин эстелигин алып, ордуна Турдакун Усубалиевдин эстелигин орнотууну сунуштаган. 16-январдагы жыйында депутат Исхак Масалиев Лениндин эстелигине тийбөөгө чакырган.

https://reporter.kg/bishkektegi-lenindin-esteligin-alyp-usubalievdikin-koyuu-sunushtaldy/

Scroll to Top