Үч адамдын өлүмү: Маркум аялдын апасы соттун өкүмү боюнча оюн айтты (видео)

Үч адамдын өлүмү: Маркум аялдын апасы соттун өкүмү боюнча оюн айтты (видео)

Бүгүн, 3-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда үч адамды өлтүрүүгө айыпталган Чынтемир Ашыралиевге өкүм чыккандан кийин эки баласы менен каза болгон Алтынай Канзаманованын апасы Үрү Канзаманова соттун өкүмү боюнча пикирин айтты.

Эскерте кетсек, сот Надырбек Токтосунов Ашыралиевди күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыратты.

Үрү Канзаманова соттун өкүмү менен макул экенин, эми Ашыралиев жогорку инстанцияларга арыз менен кайрыла турган болсо, райондук соттун өкүмүнүн өзгөртүүсүз калуусун көзөмөлдөй турганын билдирди.

Эскерте кетсек, быйыл 16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда аял, уул-кызы менен (51 жаштагы аял, 2005-жылы туулган кыз жана 2014-жылы туулган бала) киши колдуу болгон. Бул кылмышка шектүү катары УКМКнын мурдагы кызматкери 36 жаштагы Чынтемир Ашыралиев кармалган. Ашыралиев маркум аял менен жакын мамиледе болуп, 2014-жылы ал Ашыралиевге уул төрөп берген. Ашыралиев аялды, анын кызын жана өз уулун өлтүргөн деп айыпталган. Ошол эле учурда айыпталуучунун өзүнүн үй бүлөсү болгон.

Үч адамдын өлүмү: Сот айыпталуучу Ашыралиевди өмүр бою эркинен ажыратты (видео)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>