Бактыбек Мажитов Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси болуп дайындалды

09.09.2022 | 13:55

Бактыбек Мажитов Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү тескемеге төрага Талант Мамытов кол койду.

Өмүр баяны

Мажитов Бактыбек Өмүрзакович 1976-жылы 20-декабрда туулган. Юридикалык жана экономикалык жогорку билимге ээ, юридика илимдеринин кандидаты.

11.1998  – 07. 2003-жылдары Кыргызстан эл аралык университетинин филиалынын окутуучусу;

11.1999 – 11.2010-жылдары Жалал-Абад облустук шайлоо комиссиясынын шайлоо боюнча юрист эксперти;

12.2010 – 03.2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин консультанты;

10.1999 – 05.2015-жылдары адвокат;

05.2015  – 05.2020-жылдары Жалал-Абад облусунун райондор аралык сотунун судьясы, төрагасы;

2020-жылдан ноябрынан бери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын кеңешчиси;

09.2016 – 09.2022-жылдары К.Ш.Токтомаматов атындагы эл аралык университетинин жарандык укук жана процесс кафедрасынын профессору (айкалыштыруу боюнча).

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Scroll to Top