Азия MIX’теги Марат Жуманалиев кармалды — видео

Азия MIX’теги Марат Жуманалиев кармалды — видео

Азия MIX’теги Марат Жуманалиев алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булактар билдирди.

Буга чейин УКМК «Спекулянт» ЖЧКсынын башкы директорун алдап кетүүгө шектелип эки адам кармалганын билдирген.

Маалым болгондой, Д.М.С. жана С.А.К. аттуу жарандар  Россиянын атуулу болгон «Спекулянт» ЖЧКсынын башкы директоруна (Ш.В.) укук коргоо органдарында болгон маселесин чечип берүүнү убада кылып, ири өлчөмдө чет элдик валютада акча алган.

Бирок берген убадасын аткарган эмес. Алар өлкө жетекчилиги, ошондой эле УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин уулу менен тааныштыгы бар экенин айтып, Ш.В. аттуу жарандын туугандарына басым кылган.

«Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгү («Алдамчылык») боюнча кылмыш иши козголгон. Сотко чейинки текшерүү иштеринде Д.М.С. жана С.А.К. кылган ишин мойнуна алды. Учурда тергөө жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Марат Жуманалиев мурда КВНдин чемпиону болгон Азия MIX командасында ойноп келген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>