«Балага сүйүнчүнү» төлөө убактылуу токтотулду. Министрлик эмне дейт?

«Балага сүйүнчүнү» төлөө убактылуу токтотулду. Министрлик эмне дейт?

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «балага сүйүнчү» төлөмү эмне үчүн төлөнбөй жаткандыгын түшүндүрдү.

Маалым болгондой, «балага сүйүнчү» берилбей жаткандыгы борборлоштурулган төлөм базасынын жаңылануусуна байланыштуу.

«Борборлоштурулган төлөм базасынын жаңылануусуна байланыштуу «балага сүйүнчүнү» төлөө убактылуу токтотулган. Акчаны которуу келерки жылдын башында системаны кайра жүктөө аяктагандан кийин башталат», — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда министрлик «балага сүйүнчүнү» алуу үчүн билдирмелер кабыл алынып жатканын билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда «балага сүйүнчү» төлөнбөй жаткандыгы тууралуу айтылган.

Учурда Кыргызстанда «балага сүйүнчү» жаңы төрөлгөн ымыркайга 4 миң сом өлчөмүндө берилет. Эгер үч эм (же андан ашык) төрөлгөн учурда ар бир наристеге 50 миң сомдон «сүйүнчү» тапшырылат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>