Балбак Түлөбаев:  Эл мага “пахтакор” деген ат коюшту

Балбак Түлөбаев:  Эл мага “пахтакор” деген ат коюшту

Президенттин өкмөтүн коргоп атып, мага пахтакор деген ат коюшту. Өкмөт жакшы иштеп атат деп жазып койгонум үчүн “пахтакор” деп жатышат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев парламенттик жыйында билдирди.

Президенттин өкмөтүн коргоп атып, мага “пахтакор” — деген ат коюшту. Өкмөт жакшы иштеп атат деп жазып койгонум үчүн “пахтакор” деп жатышат. Эл кандай ат койсо терикпейм. Эми дайындалгандар, шайлангандарды сындайбы? Өзүнүн ордун билиши кекрек да. Президенттин айланасындагы кээ бир кадрлар, президентке зыян бере баштады.  Буларды тазалаш керек. Болбосо ошолор көрөңгө болот, башкаларга…  Урматтуу Садыр Нуркожоевич , айланаңыздагы кээ бир министрлерди “айдаңыз”. Экономика, саясий жаатта жакшы иштер болуп атат. Чынында тарыхый окуялар болуп жатат. Ошону бир-эки министриңиз эле жаманатты кылып коюуда” – деп өлкө башчысына кайрылды эл өкүлү.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсаловдун парламентти сындоосу депутаттардын арасында нааразылык жаратып, талкууга алынууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>