Быйыл Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланды

Быйыл Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланды

Президент Садыр Жапаров «2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Жарлыкка климаттын туруктуулугун жогорулатуу, жаратылыш мурастарын сактоо жана тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылын белгилөө максатында кол коюлган.

“Министрлер Кабинетине 2022-жылдын 1-мартына чейин Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылын өткөрүү боюнча жол картасын иштеп чыгуу жана бекитүү тапшырылды. Жол картаны иштеп чыгуунун алкагында айыл чарба, энергетика, өнөр жай тармактарында экологиялык жана климаттык иш-чараларды жана долбоорлорду ишке ашыруу маселелери, ошондой эле токой чарбасын, экотуризмди өнүктүрүү, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды, илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү каралат”,- деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, 2019-жылы Кыргызстан БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясын ишке ашыруунун алкагында Париж макулдашуусун ратификациялаган. Кыргызстандын 2021-жылдагы милдеттенмелери климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери менен күрөшүү планы жана парник газдарынын эмиссиясын кыскартуу боюнча глобалдык аракеттерге өлкөнүн салымы болуп саналган «Улуттук аныкталган салым» түрүндө берилген. Жаңыланган «Улуттук аныкталган салымга» ылайык Кыргызстан парник газдарынын эмиссиясын кыскартуу боюнча милдеттенме алган. Атап айтканда, өлкө 2030-жылга карата «Бизнес демейдегидей» сценарийи боюнча эмиссияны 15,97% жана эл аралык колдоо менен 43,62% кыскартуу милдетин алды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>