Балдар арасындагы коронавирусту дарылоо эрежелери камтылган протокол бекиди

Балдар арасындагы коронавирусту дарылоо эрежелери камтылган протокол бекиди

Коронавирусту аныктоо жана дарылоо боюнча протоколдун төртүнчү версиясы Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилди. Анын ичинде балдар арасында жайылган COVID-19 илдетин дарылоо боюнча атайын бөлүм бар.

Балдардын арасында коронавирус менен байланышкан мультисистемдик сезгенүү кездешүүдө. Жогоруда аталган протоколго мына ушул сезгенүүнү аныктоо жана дарылоо боюнча атайын бөлүм киргизилип, жолдомо жазылган. Бул тууралуу Квалификацияны жогорулатуу жана кайра даярдоо Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун анестезиология жана реанимация курсу менен педиатрия кафедрасынын башчысы Венера Шүкүрова билдирди.

Анын айтымында, учурда Кыргызстанда беш балдар ооруканасы коронавируска чалдыккан балдарды кабыл алууга даяр:

  1. Улуттук эне жана баланы коргоо борбору (Бишкек)
  2. Медициналык тез жардам шаардык балдар клиникалык ооруканасы (Бишкек)
  3. Ош облустар аралык балдар ооруканасы (Ош)
  4. Кара-Суу районундагы балдар ооруканасы (Ош облусу)
  5. Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы (Бишкек).

Мындан сырткары, аймактык ооруканаларда балдар бөлүмдөрүндө орундуктар даярдалган. Жалпысынан, 2 миң 356 койка-орундук бар.

Август айындагы статистикага ылайык, 14 жашка чейинки COVID-19 инфекциясы менен ооруган 1 миң 120 бала катталган.

Анын ичинен: 1 жашка чейин – 117;

1-5 жашка чейин – 354;

6-14 жашка чейин – 649 баланы түзгөн.

Сүрөт: интернеттен алынды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>